Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 24-июну № 11-01
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагындагы ысымы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагындагы ысымы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу маселесин талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагындагы ысымы жок төмөндөгү көчөлөргө ысым берилсин.
2. Кеңеш айылындагы “Биримдик” көчөсүнө айылдын тургуну Жээнбеков Таштанбектин ысымы берилсин.
3. Кызыл-Кырман айылынын Боз участкасына Ботобеков Рахмандын ысымы берилсин.
4. Кашка-Терек айылынын аты жок көчөлөрүнө Эрбалтаев Чиркеш, Карагулов Мамат, Анарбаев Мамашарип, Мусурманов Жусупбай, Мамажанов Козубай, Жоробаев Кадырбай, Калыков Номан, Дарыбеков Мырзакул, Нуриев Сапарбайдын ысымдары берилсин.
5. Кош-Коргон айылынын аты жок көчөлөрүнө Юлдашов Рафук, Хасанов Мрахбар, Исмаилов Исакжан, Мавлянов Гуламжандын ысымдары берилсин.
6. Көчөгө ысымын койгон атуулдардын тууугандары ошол көчөнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүдө жакындан жардам берүүсү белгиленсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрайымы |
К. Султанова |