КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезектеги сессиясы
2014-жылдын 23-январы № 11
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коеффициентин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдан 17-октябрындагы КРнын «Салык Кодексин» ишке киргизүү жөнүндө №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Кара-Суу айылынын административдик аймагында КРнын салык Кодексинде көрсөтүлгө жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан баштап Кара-Суу айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Короо-жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- 1,2.3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;
2. Кз- зоналдык коеффициенти 1.0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Салыктык эсептер КРнын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын башчысы К.Уметовго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |