Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине техникаларды алып келүү жана өткөрүп берүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясынын токтомуна ылайык жайыт комитетине техникалар 1 (бир) даана ЮМЗ-эксковатор трактору жана 1 (бир) даана ЗИЛ-130 жүк ташуучу автомашинасы берилсин жана жайыт комитетине келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетине өткөрүлүп берилген техникаларга кетүүчү ар кандай запастык бөлүктөрү үчүн чыгымдары Жайыт комитети аркылуу каржылансын жана мыйзамдуу чыгымдалсын. ЮМЗ-эксковаторуна айдоочу болуп М.Кадиров, ЗИЛ-130 автомашинасына айдоочу болуп М.Самтыров дайындалсын. Эмгек акысын келишимдин негизинде Жайыт комитети каржыласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин башчысы М.Самтыровго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |