Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 6
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө малчыларга башка айыл аймагындагы жашоочуларга тийиштүү малдарына жайыт акысы боюнча бааларды аныктоо жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы мал баккан малчыларга башка айыл аймагындагы жашоочуларга тийиштүү малдарына жайыт акысы үчүн төмөндөгү тариф бекитилсин. Кой, эчки майда жандыктар үчүн бир башка 20 (жыйырма) сом, козу, улак үчүн бир башка 10 (он) сом, бодо малдар үчүн бир башка 80 (сексен) сом, кулун, торпок жана мамалактар үчүн бир башка 40 (кырк) сом.
2. Жайыт комитети менен мал ээсинин жана малчынын ортосунда эки тараптуу келишим эки нускада түзүлсүн. Келишимде эки тараптынмилдеттери аныкталып, тараптарда бирден нуска калтырылсын.
3. Келишимдеги милдеттенмелер аткарылбаса мыйзам чегинде жоопкерчиликке калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Самтыровго жана башчы К.Уметовго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |