Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 7
Кара-Суу айыл айылындагы бала бакчага «Нурдин ата» атын ыйгарып берип бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы жаңы уюштурулган бала бакчага Кара-Суу айылынын тургуну Ыбыкеев Нурдин атанын наамына «Нурдин ата» деп аталсын.
2. Аталган бала бакчаны көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагы Ыбыкеев Азмаз Нурдиновичке милдеттендирилсин.
3. Аталган бала бакчанын укуктук документтери менен камсыздоо жагы бала бакчанын башчысы Н.Токтогазиевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |