Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын 2 кезектеги сессиясы
2014-жылдын 8-апрели № 4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Рабат кербен сарайына келген конокторду тейлөө жана корукка алуу жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундары үчүн Таш-Рабат кербен сарайына кирүү акы алынбасын.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 20 (жыйырма) сом кирүү акыалынсын.
3. Чет мамлекеттерден келген коноктор үчүн 100 (бир жүз) сомдон кирүү акы алынсын.
4. Таш үйдүн айланасындагы тазалыкты көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылынын тургуну Жутабаева Турсунга милдеттендирилсин. Эгер тазалыкты тиешелүү абалда кармабаса кароолчунун эмгек акысынан кыскартылсын.
5. Таш-Рабат кербен сарайына келген коноктордун тейленишин, тазалыгын, акча каражатынын чогулушун жана сакталышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |