Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниеси
2014-жылдын 21-февралы № 8/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет,социалдык-экономикалыкөнүгүү боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин кабыл алуу, 015-2016-жылдардын бюджетин болжолдуупландарын кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо,бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин кабыл алуу, 2015-2016-жылдардын бюджетин болжолдуу пландарын кабыл алуу үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4008,8 мин сомго, анын ичинен 784,9 мин сомдук өздүк киреше, 3223,9миң сом толуктоочу грант, кабыл алынсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 4008,8 мин сомго кабыл алынсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 4084,4 миң сомго, 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоор планы 4162,4 миң сомго божомолдонсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы Н.Нуридиновторго аткаруу жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |