Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниеси
2014-жылдын 21-февралы № 8/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет, социалдык–экономикалык өнүгүүбоюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2012-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2013-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айылөкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2012-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2013-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 9706,1 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 9640,0 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 7085,5 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 7028,5 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
3. Айыл өкмөттүн 2012-2013-жылдардагы жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөттүн башчысы А. Исмаиловдун доклады канааттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго, К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновторго аткаруу жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З.Эрматов |