Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X заседаниеси
2014-жылдын 19-май № 10/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарды жана
ар кандай жыйымдарды жыйноонун абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарды жана ар кандай жыйымдарды жыйноонун абалы жөнүндө салык кызматкери С. Матисаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин5 - шайланган кезектеги10 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарды жана ар кандай жыйымдарды жыйноонун абалы жөнүндө салык кызматкери С. Матисаковдун билдирүүсү жактырылсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарды жана ар кандай жыйымдарды жыйноонун абалын андан ары жакшыртуу, өз мезгилинде салыктарды жыйноону салык кызматкери С. Матисаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлүп айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго жана К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |