Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниеси
2014-жылдын 2-июну № 11/2
Жаңы-Алай айылдыккеңешинин пландоо бюджет, социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин, айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүнболжолу 2015-2016-2017- жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу проектисин кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин пландоо бюджет, социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин, айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2014-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун, 2015-2016-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу проектисин кабыл алуу үчүн Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5 - чакырылышындагы кезексиз 11 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы 4230,8 миң сомго, анын ичиден 949,9 миң сомдук өздүк киреше, 3223, 9 миң сом толуктоочу грант, кабыл алынсын. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 4230,8 миң сомго кабыл алынсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу проектиси 4183,4 миң сомго, анын ичинен 938,9 миң сомдук өздүк киреше, 3244,5 миң сом толуктоочу грант кабыл алынсын.
3. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу проектиси 4304,3 миң сомго, анын ичинен 1046,8 миң сомдук өздүк киреше, 3257,5 миң сом толуктоочу грант кабыл алынсын. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 4304,3 миң сомго кабыл алынсын.
4. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу проектиси 4469,3 миң сомго, анын ичинен 1048,9 миң сомдук өздүк киреше, 3420,4 миң сом толуктоочу грант кабыл алынсын. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 4469,3 миң сомго кабыл алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчысына, К.Э.Б. башчысына аткаруу жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |