Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII заседаниеси
2014-жылдын 20-октябры № 13/4
Жаны-Алай айылы. «20» октябрь 2014-жыл 2014-жылдын жай мезгилинде аба ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Миялы учаскасында эгилген эгиндер күйүп кеткендиги жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Мыялы участкасындагы кайракы айдоо жерге эгилген эгиндердин, аба ырайынын кескин ысып кеткендигинен, эгилген арпа куурап өспөй калгандыгынан жер адис А. Арзыкуловдун сунушун эске алып айылдык кеңештин V чакырылышынын 13 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Мыялы участкасындагы аба ырайы кескин түрдө ысып кеткендигинен 7 га арпа 18 га буудай куурап калгандыгы эске алынсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссия кураган жердин эгиндерин аныктап райондук департаментке билдирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн жана аткарылышын камсыз кылуу жер адис А. Арзыкуловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |