КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 20-февралы № 4
Карагуз айылдык Кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Карагуз айылдык Кеңешинин аймагындагы тургундар кыргыз тилдүү болгондугун эске алуу менен Карагуз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карагуз айылдык Кеңешинин ченемдик укутук актылары жана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Карагуз айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Паизовго милдеттендирилсин.
Кара-Гуз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Кармышаков |