Редакцияот 02.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги VI сессиясы

 

2013-жылдын 2-октябры № 6.2

 Карагуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Жаныталаа” орто мектебине маркум Мырзаибраимов Абдразактын ысымын берүү үчүн элдик жыйындын жана эмгек жамаатынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Карагуз айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Карагуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Жаныталаа” орто мектебине маркум Мырзаибраимов Абдразактын ысымын берүү үчүн Жанытала айылыны жалпы элдик жыйынынын 2013-жылдын 30-июлундагы №6 -протоколу жана “Жаныталаа” орто мектебинин эмгек жамаатынын 2013-жылдын 12-августундагы № 3-протоколу бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карагуз айыл өкмөтүнө, аталышты өзгөртүүдөгү бардык жоопкерчилик мектеп жетекчилигине, ал эми өзгөртүүдөгү кеткен каражат Мырзаибраимов Абдразактын туугандарына жүктөлсүн.

 

Кара-Гуз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Кармышаков