Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV сессиясы

 

2014-жылдын 7-октябры № 6

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик долбоорлоо институ калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча материалдарын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик долбоорлоо институну калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча материалдарын Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 3 пунктунун 13-статьиясынын негизинде Ак-Татыр айылдык Кенешинин III чакырылышынын XXIV кезекcиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызгипрозем» МДИ тарабынан сунушталган жана иштелип чыккан Орто-Боз, Рават, Ак-Татыр айылдарынын чектерин белгилөө боюнча материалдар бекитилсин.

2. Баткен райондук администрациясынын Ак-Татыр айыл аймагынын калктуу пункттарынын чек араларын белгилөө боюнча материалдарды бекитүүнү сурасын.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Садыков