Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин VII сессиясы
2013-жылдын 19-январы № 1
Түгөл-Сай айыл округунун башчысына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына шайлоо жүрө электигине байланыштуу Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талапкерликке Нусубалиева Нурбүбү жана Кудайбергенов Рысбек аймактык шайлоо комиссиясына каттоого сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы АШКга жиберилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |