Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин IX сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 1/4
С.Медетов атындагы орто мектебинин директорунун арызы жөнүндө
С.Медетов атындагы орто мектебинин директору ар кандай чыгымдарына 65 000 сом өлчөмүндө акча болуп берүүсүн суранган арызынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Медетов атындагы орто мектебинин директорунун арызы комитетте каралып, кийинки сессияга калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |