Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2013-жылдын 14-май № 1
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтеринин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. «Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу М.Дунканаевге жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |