Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2013-жылдын 26-октябры № 1/1
Депутат А.Мамаеванын ыйгарым укугунун мөөнөтүнөн мурда токтотулуш жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндөгү мыйзамга, президент А.Атамбаев 25.04.2013-ж. №59 жарлыгы менен бекитип, кол койгон толуктоолордун негизинде, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктунун негизинде талкуулап Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы мыйзамдардын негизинде Айылдык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен А.Мамаеванын депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын м.а. М.Дунканаевга жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |