Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2013-жылдын 26-октябры № 1/2
«Жергиликтүү административдик аймагына жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында КЗ зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруунун негизинде талкуулап Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-жылдын 1-январынан баштап «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын,короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
- мүлк салыгынын 1,2,3,4 топтогу обьектилерин;
-КЗ зоналык коэффиценти 08 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык КЗ зоналык коэффиценти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын м.а. М.Дунканаевга жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |