ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2013-жылдын 28-ноябры № 1
Майыптар күнүнө карата айыл өкмөттүн учетунда турган оорулуларга жардам көрсөтүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн башчысы Н.Нусубалиеванын билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майыптар күнүнө карата айыл өкмөт тарабынан учетто турган майыптарга материалдык жактан жардам берилсин.
Медицина кызматкерлерди тарабынан майыптарга бекер дары-дармектер таратылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөт башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |