Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2013-жылдын 28-ноябры № 1/1
Депутат Нусубалиева Нурбүбүнүн арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңешинин депуттарынын статусу» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, 2013-жылдын 30-октябрында өтүлгөн айыл өкмөттүн шайлоосунун негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нусубалиева Нурбүбү 2013-жылдын 30-октябрында айыл өкмөттүн шайлоосунун жеткиликтүү добуш алып, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыктан, ошондой эле өзүнүн арызынын негизинде, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөт башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |