Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2013-жылдын 28-ноябры № 1/2
Кутурма жана күл ооруларына карата кой-козу, токтуларды эмдөө жөнүндө
Жумгал райондук ветеринардык буйруктун жана айыл өкмөттүн билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кутурма жана күл (чечек) ооруларына карата кой,козу, токтуларга тез аранын ичинде эмдөө иштери жүргүзүлсүн. Эмдөө акысы ар бир башка 5 сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |