Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-октябры №148
«Ара-Кол айылынын тургундарынын, Ара-Кол орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатынын кайрылуулары жана Кочкор райондук элге билим берүү бөлүмүнүн сунуш каты жөнүндө»
Чолпон айылдык аймактык кеңешине караштуу Ара-Кол айылынын жалпы тургундарынын 16.08.2012-жжылдагы чогулушунун №1 протоколу, Ара-Кол орто мектебинин мугалимдер жамаатынын (педагогикалык кеңешменин) 16.08.2012-жылдагы №1 Токтому, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.А.Чакиевдин Чолпон айылдык аймактык кеңешине жолдонгон сунуш каты боюнча Чолпон айылдык аймактык кеңешинин төрагасы Ж.Омурбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Чолпон айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Кол айылынын жалпы тургундарынын, Ара-Кол орто мектебинин мугалимдер жамаатынын суроо талаптары канааттандырылып, Кочкор райондук элге билим беруу болумунун башчысы М.А.Чакиевдин сунуш катын эске алуу менен Ара-Кол орто мектебине ардагер мугалим, «Эл агартуунун отличниги» Шеримбек Жапаровдун ысымы ыйгарылып – Шеримбек Жапаров атындагы Ара-Кол орто мектеби аталсын.
2. Токтом райондук коомдук саясий «Эмгек туусу» газетасына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Нарын облустук юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
Чолпон айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Омурбеков |