Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
2014-жылдын 7-апрели № 1
Айылдык Кеңештин депутаттары С. Дуулатов жана К.Самсалиевдердин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык жана депутат С.Дуулатов К.Самсалиевдин жазып берген өздөрүнүн арызынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кенештик депутаттары С.Дуулатов К.Самсалиевдер убактылуу муниципалдык кызматта иштеп жаткандыгына байланыштуу жана Кыргыз Респубиликасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүмүнө Кыргыз Респубиликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |