Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин III сессиясы
2014-жылдын 7-апрели № 1/5
Үсөнбеков Азаматтын эски сарайдын ордуна сарай салуу жөнүндө
Үсөнбеков Азаматтын жазган арызынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үсөнбеков Азаматка Ак-Булак учаскасындагы эски там сарайдын жанындагы мурунку койду бордоп семиртүүчү эски сарайдын ордуна малды көбөйтүүчү,өстүрүү үчүн сарай салууга чечим чыгарылып берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |