Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин V сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 1
Түгөл-Сай айылынын тургуну С.Керимкуловдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 13,25-беренесинин «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрү,укуктары мамлекеттик катто жөнүндө» мыйзамынын 4,7-беренелерин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 46,47,50 беренелеринин Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 22.01.2008-жылдагы №19 токтому менен «Кыргызмамжердолбоорун» Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04.06.2013-жылдагы №116 аныктамасынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керимкулов Солдат Бакышевичке Түгөл-Сай айылындагы «Жака бою» участогунан айыл чарбасына жараксыз, кунарсыз 2(эки) гектар жер аянтын толугу менен өздөштүргөнүнө байланыштуу таштак жайыт аянтын, сугат айдоо аянтына которуп, берүү жагы айылдык кеңештин жер комитеттерине сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |