Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин V сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 1/2
Таза сууга болгон төлөмдөрдү төлөбөй жаткан жарандар жөнүндө
СООППВнын төрагасы А. Шейшеналиевдин билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суунун төлөмдөрүн төлөбөй жаткан жарандар прокуратурага берилсин.
2. Бул иштин аткарылышы СООППВнын төрагасы А. Шейшеналиевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |