Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин V сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 1/3
Мекиров Үсөнбектин «Ак-Булак» участкасындагы 1га жерин айдоо аянтка которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13, 25 беренесинин Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрү укуктары мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамынын 4,7- беренелерин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 46,47,50- беренелеринин Кыргыз Мамилекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту «Кыргызмамжердолбоорун» Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 4.06.2013-жылдагы №116 аныктамасынын жана Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 22.01.2008-жылдагы №19 токтому менен бекитилген жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу тартиби жөнүндө жобонун негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түгөл-Сай айылынын тургуну Мекиров Үсөнбекке Түгөл-Сай айыл аймагына караштуу «Ак-Булак» участогунан пайдаланылбай жаткан айыл чарбасына жараксыз жерди өз каражатынын эсебинен өздөштүрүп алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13, 25- беренесинин «Кыймылсыз мүлккө жана анны менен болгон бүтүмдөрү укуктары мамлекеттик каттоо» жөнүндөгү мыйзамынын 4,7- беренелерин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 46,47,50- беренелеринин Кыргыз Мамилекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инститту «Кыргызмамжердолбоорун» Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 4.06.2013-жылдагы №5 аныктамасынын жана Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 22.01.2008-жылдагы №19 токтому менен бекитилген Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, 1(бир) га жер аянты
Мекиров Үсөнбекке жеке менчигине бөлүнүп берилсин жана аталган жердин категориясын таштак жайыт айантынан сугат айдоо аянтка которулуп берилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсун.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |