Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин V сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 1/4
Жоопту катчы И. Абдырахманов жөнүндө айыл өкмөт Н. Нусубалиеванын билдирүүсү жөнүндө
Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы И. Абдырахманов өзүнүн аткара турган милдеттерин так аткара албай бир нече «эскертүү» , «сөгүш» алгандыгына карабай, Айылдык Кеңештин токтомдорун да өз убагында жазабай кечиктирип жаткандыктан мындан ары Айылдык Кеңештин катчылык милдетинен бошотулуп, катчылык милдетке депутат М. Сапарова биротоло бекитилсин. Айылдык Кеңештин токтомдорун жазуу жагы М. Сапаровага милдеттендирилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |