Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин V сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 1/5
Айылдык Кеңештин мурунку 02.03.2014-жылдагы №2 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүн тытуучу цехке мурунку бөлүнгөн 70 000 (жетимиш миң) сом жетпей калгандыгына байланыштуу, ал үнөмдөлгөн акча кайрадан көчөлөрдү кооздоо үчүн көрнөк-жаранактарга, НИВА автомашинасына жетпеген запчасть, майына, мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерине, командировкаларына бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |