Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин VI сессиясы
2014-жылдын 20-майы № 1/2
Жер адис А. Иманалиевдин билдирүүсүнүн негизинде Эпкин айылынын тургуну Ж. Тойчубекованын ижарага алган 50га жеринин келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жерди кайра айыл өкмөттүн эсебине алуу жөнүндө
1. Жер адис А. Иманалиевдин билдирүүсүнүн негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Тойчубекова Жамийланын 50га ижарага алган жеринин келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жана ушул кезге чейин ижара акысын төлөбөгөндүгү үчүн 50гектар ФПСтин жери кайрадан айыл өкмөткө кайтарылып алынсын.
3. Алынган 50га жер мыйзам чегинде аукционго коюлсун жана жакыр, аз камсыз үй-бүлөлөргө түз берүү жолу менен ижарага берилсин.
4. Бул ишти аткаруу үчүн Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Иманалиевге милдеттендирилсин
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |