Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин VI сессиясы
2014-жылдын 20-майы № 1/3
Чабандарды жайлоого көчүп, кондуруу жана жандыктардын төлөм акысын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин түзүлгөн планына ылайык Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чабандардын жайлоого көчүп, конуусу 10-июнга чейин аяктап, жандыктарга төмөнкү тартипте акы төлөнсүн:
Майда жандыктарга-25сом
Бодо малга-250сомдон төлөнсүн.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |