Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык Кеңешинин VII сессиясы
2014-жылдын 9-октябры № 1/2
«Миң Куш» айылындагы көчүрүлүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер- Министринин 2013-жылдын 6.09 №358-р тескемесинин жана Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер Министринин 10.02. 2014-жылдагы №18-22 сандуу протоколунун тапшырмасын аткаруу максатында Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң- Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж болгон 11(он бир) үй-бүлөгө аныкталган Эпкин жана Түгөл-Сай участокторундагы жер тилкелерин турак жай курууга трансформация кылууга сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жумгал.кж. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Түгөл-Сай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б. Касымалиева |