Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 24/2
ОсОО «Алдаяр Уголь Лимитед» ишканасынын башкы директору Осмонов Урматбек Абдилаковичтин арызын кароо жөнүндө
ОсОО «Алдаяр Уголь Лимитед» ишканасынын башкы директору Осмонов Урматбек Абдилаковичтин арызын карап, Корул айылдык Кеңешинин 2011-жылдын 14-сентябрындагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизүүнү талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин 2011-жылдын 14-сентябрындагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн берилген №2915 СЕ лицензиясынын негизинде жана 11.02.2015-жылдагы лицензиялык соглашение №4 көрсөтүлгөн 6,18га жер аянты 2016-жылдын 16-майына чейин «ОсОО Алдаяр Уголь Лимитед» ишканасына көмүр казуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык абалды сактоо боюнча мыйзам чегинде иштөө жагы ОсОО «Алдаяр Уголь Лимитед» ишканасына милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүп, тиешелүү документтерин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|