Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 18-2
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин №5385 “Кашкалдак” шайлоо учаскасынын депутаты Сатаров Мамадалинин арызын кароо
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасынын 24-беренесинин 3-пунктуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин депутаты Сатаров Мамадалинин арызын карап жана талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасынын 24-беренесинин 3-пунктуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин депутаты Сатаров Мамадалинин депутаттык мандаты токтотулсун.
2. Бош депутаттык мандатты тактап берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |