Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 19-1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын стратегиялык планын бекитүү жөнүндөгу маселесин карап чыгып талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылга стратегиялык планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Ырысбаевге милдеттендирилсин.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |
Депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн социалдык-экономиканын өнүгүү стратегиясынын планы.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык экономиканын өнүгүүсүнүн программасы Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясына негизделип, айыл өкмөтүндө тездетилген экономикалык өсүшүн камсыздап, социалдык экономикалык өнүгүү программасы ушул жылдар үчүн кабыл алынган программанын ичинде камтылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2015-жыл «Экономиканы өнүктүрүү жана чыңдоо жылы» деп жарыялангандыгын эске алып, айыл өкмөтүндө да жергиликтүү экономиканы көтөрүү боюнча уюштуруу боюнча иш чаралар көрүлүп жатат. Айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп агрардык секторлорду өнүктүрүү башкача айтканда айыл чарбасында өндүрлүүчү продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында суулуу, кайрак жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүү, жогорку сорттогу эгиндерди дыйкандарга сунуштоо менен жогорку агротехникалык эрежелерди алдыңкы технологияларды ишке ашыруу аркылуу айыл чарба тармагын көтөрүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Айыл чарба тармагы боюнча 2014-жылы төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө жетишилди. Айыл чарбасы боюнча 2014-жылы
1. Өндүрүлгөн буудай – 3149 тонна х 15 сом = 47 млн. сом
2. Өндүрүлгөн картошка – 3630 тонна х 15 сом = 54 млн. сом
3. Өндүрүлгөн фасоль – 23 тонна х 40 сом = 920 000 сом
4. Жүгөрү дан – 3127 тонна х 10 сом = 31 млн. сом
Жогорудагы жетилишилген көрсөткүчтөрдү карап чыгып, 2015-жылы айыл чарбасы боюнча төмөндөгү көрсөткүчтөргө жетишүү планга киризилди:
Буудай өндүрүү 3155 тонна
Картошка өндүрүү 3650 тонна
Фасоль өндүрүүнүн ордуна 25 тонна
Жүгөрү дан өндүрүү 3130 тонна
Жашылча өндүрүү 2130 тоннага жеткирилип, айыл чарбанын дүң продукциясынын көлөмү 150 млн. сомго аткарылуусу күтүлүп жатат.
Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички резервдерди ишке киргизүү менен айыл чарбасына инвестицияларды тартуу эсептелет. 2015-жылы бул багыт боюнча Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ПРООНдун Азык-Түлүк Программасы менен айыл өкмөтү иштешүүнү жүргүзүп жатат. Айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча ишкер Карабаев Таир Үч-Бай айылында «Кызыл-Каш-Таш» кооперативин уюштуруп, 2015-жыл үчүн айыл чарба эгиндерин эгип, эмгек кылууда. Айыл өкмөтүндө экинчи багыт болуп эсептелинген өнөр жай продукцияларын өндүрүү болуп эсептелет. Айыл аймагында иштеп жаткан ЖЧК «Асыл Алтын», ЖЧК «Тыны-Шер», ЖЧК «Алтын Кирпич Курулуш», жеке ишкер Исмаилов, Эргешов Нурлан жетектеген ишканалар бүгүнкү күндө калк керектөөчү өнөр жай товарларын өндүрүп иштеп жатышат. 2014-жылы өнөр жай продукцияларын өндүрүү 9 млн. 330 сомго аткарылды. 2015-жыл өнөр жай продукцияларынын көлөмүн 10 млн. сомго аткаруу планга киргизилип, ишканалардын жетекчилери менен керектүү иш кагаздары каралып чыкты. Ушуну менен бирге токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, анын максаттуу багыттарын өзгөртүү боюнча ишкана жетекчилери иштешүү, макулдашуулар болуп жатат. «Астарта Дюбек» ишканасынын максаттуу багыты өзгөртүлүп, Уста Абдурасул кичи базар соода тейлөө комплексине айландырылып иштеп жатат. 2015-жылы да токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү иштери улантылмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен болуп кала бермекчи. Социалдык тармакта 2015-жылы калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиялык пландардын негизинде жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жаңы жумуш орундары менен камсыздоо, түзүү, айыл өкмөтүндө жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мектеп жашындагыларды мектепке чейинки мекемелердин базаларын чыңдоого ар тараптан колдоо көрсөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, саламаттыктык сактоо тармагында алардын ишин жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу иштерине айрыкча маани берилет.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде айыл өкмөтү 2015-жылы социалдык экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруунун башка багыттары болуп,
Айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерин натыйжалуу пайдалануу менен айыл чарба продукцияларынын көлөмүн жогорулатуу.
Кошумча өнөр жай ишканаларын ачуу менен токтоп турган ишканалар ишке киргизүү менен өнөр жай продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү.
Айыл өкмөтүнүн киреше булактарын көбөйтүү чараларын ишке ашыруу менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн 10 млн. сомго көтөрүү.
Айыл чарба байлыктарын кеңири пайдалануу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө жетишүү (Гипс, гүл бото, кум ж.б. кендер)
Айылдардын инфратүзүмүн өзгөртүү менен бирге социалдык объектилердин иштөө шарттарын жакшыртууга жетишүү.
Соода, тейлөө, кызмат көрсөтүү маданиятын көтөрүү
Ички жана сырткы инвестициялардын көлөмүн арттыруу
Калкты таза суу менен камсыздоо.
Жаштар үчүн физкультура, спорт менен машыгуулары үчүн шарттарды түзүү.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелердин ишин жакшыртуу болмокчу.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал чарбачылыгынан алынуучу продукциялардын көлөмүн арттырууда аны сан эсебинен эмес асыл тукумдуулугуна көңүл бурулууда. Малдардын эпидемиялык жугуштуу оорулардын алдын алуу менен күрөшүү, жайыттарды үнөмдүү пайдалануу милдеттери планга киргизилген.
2015-жылы айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдардын баш санынын божомолу
Кара мал – 3657 башка
Жылкы – 626 башка
Кой-эчки – 9252 башка
Үй канаттуулар – 17 103 башка көбөйгөндүгү тууралуу болжол белгиленген.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү 2015-жылы сырттан тартылуучу инвестицияларды алып келүүдө. Эл аралык АРИС уюму менен ПРООНдун Азык-Түлүк программасы менен фонд Миростроительства ООИ менен жана башка эл аралык уюмдар менен иш алып баруу планы карап жатат.
2014-жылы сырттан тартылган инвестициянын көлөмү 3,5 млн. аткарылуусу күтүлөт.
Депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы V чакырылышынын 19-сессиясында № 1 токтому менен бекитилген
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарда социалдык экономикалык өнүгүү стратегиясынын план көрсөткүчтөрү
| Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | 2015-ж | 2016-ж | 2017-ж |
1 | Өнөр жай продукцияларын өндүрүү боюнча | ||||
| Учурдагы баа менен | млн. сом | 9,3 | 9,6 | 10,0 |
| ПДН учурдагы баа менен | млн.сом | 145,0 | 149,0 | 155,0 |
2 | Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча | ||||
| Айыл чарба дүң продукциясы | млн сом | 150,0 | 155,0 | 156,0 |
| Бардык өндүрүлгөн дан | тонна | 6285 | 6290 | 6294 |
| Анын ичинен буудай | тонна | 3155 | 3158 | 3164 |
| картошка | тонна | 3650 | 3655 | 3660 |
| Жүгөрү | тонна | 3130 | 3134 | 3140 |
| Жашылча | тонна | 1960 | 1962 | 1965 |
| Мөмө жемиш | тонна | 1490 | 1495 | 1499 |
3 | Мал чарба продукциясын өндүрүү | ||||
| Эт | цент | 845 | 847 | 850 |
| Сүт | литр | 3208 | 3209 | 3210 |
| Жумуртка | 1000 даана | 528 | 529 | 530 |
| Жүн | цент | 203,0 | 203,5 | 204,0 |
4 | Соода жүгүртүү | млн сом | 50,0 | 50,0 | 50,0 |
5 | Капиталдык салымдарды өздөштүрүү | млн сом | 195,0 | 195,6 | 196,0 |
6 | Жергиликтүү бюджет | млн сом | 9,6 | 9,9 | 10,0 |
7 | Сырттан тартылган инвестиция | млн сом | 5,2 | 5,9 | 6,0 |
8 | Калктын саны | адам | 21 096 | 21400 | 21700 |
9 | Бир айлык орточо эмгек акы | сом | 6990 | 7000 | 7500 |
Депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы V чакырылышынын 19-сессиясында № 1 октому менен бекитилген
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн ички жана сырттан тартылуучу инвестициялар жана жергиликтүү бюджет аркылуу аткарылуучу жумуштардан маалымат
|
Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Каржылоо булактары млн.сом | Ким аркылуу аткарылат | ||||||||
№ | Инвестор | жергиликтүү бюджет | республикалык бюджет | Тимулер грант | Жеке ишкер | Элдик салым | Жалпы сумма млн. сом | Аткаруу мөөнөтү | Долбоор уюм | жергиликтүү башкаруу органы | |
1 | Ысмайыл орто мектебинин спорт зал курулушу | 1,0 | 0,1 |
|
|
|
| 1,1 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
2 | Жатан айылына балдар бакчасын куруу | 1,0 | 0,1 |
|
|
|
| 1,1 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
3 | Жатан, Калдай айылдарын таза суу менен камсыздоо | 0,3 | 0,1 |
|
|
|
| 0,4 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
4 | Үч-Бай балдар бакчасын куруу | 1,0 | 0,1 |
|
|
|
| 1,1 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
5 | Кыркол-Сай дарыясынын жээгиндеги калктуу конуштарды селден коргоо |
|
| МЧС 3,0 |
|
|
| 3,0 | 2015 | МЧС | Айыл өкмөтү |
6 | Орто кызылга өтүүчү латокту оңдоо |
| 0,1 |
| 1,0 |
|
| 1,1 | 2015 | РБ | Айыл өкмөтү |
7 | Таштак айылына балдар бакчасын куруу | 1,1 | 0,1 |
|
|
|
| 1,1 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
8 | Кашкалдак айылындагы балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 0,8 | 0,2 |
|
|
|
| 1,1 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
9 | Кашкалдак айылын таза суу менен камсыздоо | 0,5 | 0,2 |
|
|
|
| 0,7 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
10 | Айбек айылын таза суу менен камсыздоо | 0,5 | 0,2 |
|
|
|
| 0,7 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
11 | Муниципалдык башкаруу конторасына трансформаторлорду орнотуу, жылытуу | 1,0 | 0,4 |
|
|
|
| 1,4 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү
|
12 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, актоо, сырдоо, тазалоо иштери |
| 0,3 |
|
|
|
| 0,3 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
13 | Ош-Исфана трассасынын боюна арча отургузуу |
| 0,5 |
|
|
|
| 0,5 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
14 | Атамерек айылына мечит куруу | 0,9 |
|
|
|
| 0,6 | 1,5 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
15 | Баргы орто мектебинин капиталдык курулушу |
|
| 30,0 |
|
|
| 30,0 | 2015 | Инвестор | Айыл өкмөтү |
16 | Жийде Арык СПАсына караштуу башкы курулманы оңдоо | 0,8 | 0,2 |
|
|
|
| 1,0 | 2015 |
| СПА |
17 | Арык каналдардын ремонту үчүн Кызыл-Бостон СПАсына | 0,2 |
|
|
|
|
| 0,2 | 2015 |
| СПА |
18 | Арык каналдардын ремонту үчүн Жийде Арык СПАсына | 0,2 |
|
|
|
|
| 0,2 | 2015 | инвестор | СПА |
19 | Айыл аймагынын төрөт үйүнүн капиталдык ремонту |
|
|
| 0,6 |
|
| 0,6 | 2015 | РБ | ЦРБ |
20 | Айыл чарбасын көтөрүү үчүн дыйкандарды колдоо | 0,5 |
|
|
|
|
| 0,5 | 2015 | Дүйнөлүк банк | Жергиликтүү калк |
21 | Арык каналдарды тазалоо үчүн колдоо көрсөтүү | 0,4 |
|
|
|
|
| 0,4 | 2015 | ПРООН | Айыл башчы |
22 | Кыркол Сай дарыясынын жээктерин жашылдандыруу | 0,4 |
|
|
|
|
| 0,4 | 2015 | АРИС | Айыл башчы |
23 | Жашылчанын уругун өндүрүү боюнча аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо | 0,5 |
|
|
|
|
| 0,5 | 2015 | Жеке ишкер | Айыл чарба |
24 | Довул айылына жөө адамдар каттоочу көпүрө куруу |
|
|
|
| 0,5 |
| 0,5 | 2015 | Жеке ишкер | Айыл башчы |
25 | Өсөр айылында Био-Лаборотория курулушун куруу |
|
|
|
| 0,8 |
| 0,8 | 2015 | Жеке ишкер | Айыл өкмөтү |
| Айыл өкмөт боюнча | 11,1 | 3,2 | 33,0 | 1,6 | 1,3 | 0,6 | 50,8 | 2015 |
|
|
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн болжол маалыматы
к/н | Продукциянын түрү | Өлчөө бирдиги | Өндүрүлөт |
1 | Эт | цент | 845 |
2 | Сүт | литр | 3208 |
3 | Жумуртка | 1000 даана | 528 |
4 | Жүн | цент | 203,0 |
| айыл өкмөтү боюнча |
|
|
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн болжол маалыматы
к/н | Эгиндин түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Өндүрүлөт |
1 | Буудай | тн | 3155 |
2 | Картошка | тн | 3650 |
3 | Жүгөрү | тн | 3130 |
4 | Жашылча | тн | 1960 |
5 | Мөмө жемиш | тн | 1490 |
6 | Бардык дан | тн | 6285 |
| айыл өкмөтү боюнча |
| 6285 |
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде өнөр-жай продукцияларын өндүрүүнүн болжол маалыматы (млн. сом эсебинде)
к/н | Ишканалардын аталышы | 2015-жыл үчүн план | ІІ квартал | ІІІ квартал | ІV квартал | Итого |
1 | ЖЧК «Асыл-Алтын» | 2,890 | 0,890 | 1,0 | 1,0 | 2,890 |
2 | ЖЧК «Тыны-Шер» | 4,360 | 1,0 | 1,360 | 2,0 | 4,360 |
3 | ЖЧК «Алтын кирпич курулуш» | 1,550 | 0,550 | 0,5 | 0,5 | 1,550 |
4 | Кам кыш чыгаруучу заводу | 0,5 | 0,1 | 0,3 | 0,2 | 0,5 |
| Айыл өкмөтү боюнча | 9,3 | 2,54 | 3,16 | 3,7 | 9,3 |