Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Зулпуев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2015-жылдын 25-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-344-беренелерине негиз айыл чарба багытына арналбаган жерлердин зоналдык коэфиценти жер салык боюнча женилдиктер берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын жана жер салыгы боюнча женилдиктерди,ошондой эле “Мүлк” салыгынын коэфиценттери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде,айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытында пайдаланбаган жерлердин коэфиценти (к3) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин жана “Мүлк” салыгынын коэфиценти 1,0 өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-2-3-4 пункттарына ылайык,айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1210 пенсионер, 903 көп балалуу үй-бүлөлөр,Улуу Ата-Мекендик согуштун 4 катышуучусу, 28 үй-бүлө Афган,Чернобль кырсыгынын катышуучулары,75 эмгек майыптарына женилдик берилип, тамарка жер салыгынан бошотулсун.
3. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү жашаган тургундардан таштандыдан алынган салык ар бир үй-бүлөгө 75 сомдон, ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында иштеп жаткан ишканалардын жумушчуларынан 150 сомдон салык өлчөмү бекитилсин.
4. Токтомдо көрсөтүлгөн салык нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.
Т.Зулпуев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Баймуратов |