Редакцияот 09.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Зулпуев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 9-сентябры № 5

Айбек айылынын Адахан Таза-Суу ишканасынын калкты жана башка суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоо тарифтерди бекитүү жөнүндө

Адахан Таза-Суу ишканасынын калкты жана башка суу пайдалануучуларды таза суу менен камсыздоо тарифтерди бекитүү жөнүндөгү Адахан Таза-Суу ишканасынын директору Б.Айтматовдун Т.Зулпуев айылдык кенешинин төрагасынын атына жазган арызын карап чыгып жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Адахан Таза-Суу ишканасынын ишин сапаттуу аткарылышы үчүн жана суу пайдалануучуларга үзгүлтүксүз суу жеткирип туруу үчүн келе турган тарифтерди төмөндөгүчө киргизилсин:

-калк үчүн бир метр куб -25сом 00тыйын

-бюджеттик мекеме ишканалар үчүн бир метр куб – 25сом 00тыйын

-коммерциялык ишканалар үчүн бир метр куб – 35сом 00тыйын

2.  Адахан Таза-Суу ишканасынын ичимдик сууга бекитилген жаны тарифтери 2015-жылдын 20-октябрь айынан баштап колдонулсун.

3.  Ушул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай курулуш , экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Зулпуев айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Баймуратов