Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 17-11
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы дем берүүчү үлүштүк гранттан акча каражатын алуу жөнүндө
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк “ орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл Өкмөтүнун бюджетинин эсебинен өздүк салымды ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынгын) 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрук“ орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы дем берүүчү үлүштүк гранттан акча алуу үчүн түзүлгөн долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы дем берүүчү грантына Г.Эргешов атыфндагы “ Бел-Өрүк” орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 280,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 100,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилери белгимленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айылдык Кенешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бел айыл Өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|