Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 18-1
Окуучуларга татыктуу тарбия берүү,мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоо багытында”Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атындагы “БелӨрүк “ орто м ектебинде жүргүзүлүп жаткан иштердин абапы тууралуу
Бел айыл аймагынын “Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атыгдагы Бел-Өрүк орто мектептериндеги окуучуларга татыктуу тарбия берүү,мектптердин материалдык-техникалык базаларын чындоо багытындагы жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматтары угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын “Ой-Талаа” жана Г.Эргешов атындагы
“Бел-Өрүк” орто мектептериндеги окуучуларга татыктуу тарбия берүү,мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоо багытында жүргүзүп жаткан иштери канаатттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мектептердин имараттарын ремонттон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчу үлүштүк гранттарды алуу менен жетишүүгө аракеттерди көрүшсүн.
3. Окуу процессин жакшыртууга керектүү интерактивдүү доска, компьютердик техника менен камсыз кылуу жагын демөөрчүлөрдүн жана мектептердин өздүк чарбасынын эсебинен жүргүзүүнү колго алышсын.
4. Мектептердин материалдык- техникалык базасын чындоо жана окуу процессинин жакшырышына эмгек жамаатынын чыгармачылык менен аркет көрүү жагы мектеп ждетеекчилерине жүктөлсүн.
5. Эл аралык жана донор уюмдар менен ишөөнү күчөтүү,мектеп окуучуларын мекенди коргоого,партиоттуулукка тарбиялоо боюнча
тынымсыз иш аракеттерди алып баруу мектеп директорлоруна тапшырылсын.
6. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|