Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 18-2
Бел айыл аймагындагы мектеп аянтчаларын жана Бел айыл аймагынын спорттук аянтчаларын ар кандай жыйындарды өткөрүүгө ижарага берүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы мектептердин аянтчаларын ошондой эле айыл аймагындагы спорттук аянтчаларда элдик жыйындарды,концерттик программаларды өткөрүүдө 3000(үч мин) сомдон 5000( беш мин ) сомго чейин ижарага берүү максатында Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы мектептердин аянтчаларында,айыл аймагындагы спорттук аянтчаларда элдик жыйындарды,концерттик программаларды өткөрүүдө 3000(үч мин) сомдон 5000(беш мин ) сомго чейин ижара акысы төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Бел айыл Өкмөтүнун башчысынын орун басары А.К.Ырысбаевге жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|