Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 18-4
Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы тургундардын 2015-жылдын 1-июнундагы №1-протоколун бекитүү жөнүндө
Борбаш айылынын тургундарынын спорттук аянтка айылдын жаш спортсмени маркум Салибаев Исламидин Адылбековичтин атын ыйгаруу боюнча чогулушунун протоколун угуп жана талкулап Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чаыкрылышынын) он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Борбаш айылынын тургундарынын 2015-жылдын 1-июнундагы №1- протоколу бекитилсин.(протокол кошо тиркелет.)
2. Борбаш айылындагы спорттук аянтчага дене тарбия мугалими маркум Салибаев Исамидин Адылбековичтин аты коюлсун.
3. Спорттук аянтты көрктөндүрүүгө,тазалыгына кам көрүүгө демөөрчүлүк кылуу жагы маркумдун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|