Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 20-1
Бел айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жүргузүлүп жаткан иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн башчсы Картаевдин отчету жөнүндө
Бел айыл Өкмөтү өзүнун ишин Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдаргв бекитилген өлкөнүн социалдык өнүгүү стратегиясын жетекчиликке алып иш жүргузүп келди. Айыл аймагынын 2015-жылга социалдык жактан өнүгүүсүнун иш планын иштеп чыгып аны жетекчиликке алып 2015-жылдын 9 айында төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетише алган.
Айыл аймагында 2178 кожолукта 11607 адам жашайт.Убактылуу иштөө үчүн башка жактарда жашап жүргөндөр 1036 адамды түзөт. Пособие алуучу кожолуктар 325, пенсионерлер 762,майыптар 108 анын ичинен майып балдар 64,эмгектин ветерандары 50,Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны 1,жалгыз бой кожолуктар 7 үй-бүлө. 2015-жылдын 9 айында 214 бала төрөлүп, 71 жаран нике күбөлүгүн алган,40 жаран ааламдан өткөн.
2015-жылы 889 га жерге буудай,180 га жерге арпа 208 га жерге жүгөру,70 га жерге жашылча, 180 га жерге картошка, 555 га жерге тоют өсүмдүктөрү айдалып, буудай жана арпа өсүмдүгүнөн орточо 15 ц ден түшүм жыйналды. Картошканын орточо түшүмд үүлүгү 16,2 тоннаны туздү. Кайра бөлуштурүү фондусунан 115 гектар жер аянты пайдаланбай калган ,мунун негизги себеби иштетүугө ынгайсыз жан боор,таштак,саздак ж.б жерлер болгондуктан эч ким ижарага алган эмес. Айыл чарба өсүмдуктөрүнүн түшүмдүүлүгун жогоулатуу багытында 2016-жылы күнөскана куруу,тамчылатып сугарууну ишке ашыруу боюнча аркеттер көрүлүп жатат. 2015-жылдын 9 айында дыйкандардын үлүштүк жерлерин сел коркунучунан сактоо боюнча Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигине 5 проект жазып өткөрүлдү жана аны турмушка ашыруу боюнча Ысырык-Ой бөлүмүндөгү 1158 м селкана, Карангы-Сай,Артык –Сай селканасынан 500 метр ,Жаш селканасынан 400 метр, Тегирмен- Башы бөлумүндөгү 620метр селкана өзгөчө кырдаалдар Министрлиги тарабынан тазаланды. Борбаш айылындагы Акматова Гүлайым атындагы көчөнун башындагы Бой-Бой селканасы техниканын жетишсиздигинен токтоп турат. Күнгөй бөлүмүндөгү Самидинов Мамажунустун жанындагы узундугу 250 м
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл Өкмөтүнүн социалды-экономикалык жактан өнүгүусүнүн 2015-жылдын 9 айында аткарылган иштери боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Каратаевдин отчету эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы өнөр жай ишканаларынын иштөөсүн жакшыртуу менен өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга жетишүү,электр энергиясынан болгон дебитордук карыздарды кыскартуу, салык жана салык эмес жыйымдардын жеткаирилген план тапшырмаларынын толугу менен аткартууга жетишүү жагы айыл Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнө жол койбоо, жугуштуу оорулардын алуу багытында жүргузүлүп жаткан иштерге талапты күчөтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчилерине тапшырылсын.
4. Мал чарбачылыгынын асылдуулугун жогорулатуу, эпизоотикалык абалды туруктуу кармоо,мал-жандыктарга тиешелүү болгон вакцинацияларды өзубагында берүү ветеринардык дарыгер Сулаймановго милдлеттендирилсин.
5. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдаланылбай калышына жол бербөө,ижара акыларынын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу,пайдалануу мөөнөтү бүткөн жер аянттарын аукцион өткөрүү аркылуу жарандарга берүү боюнча иш алып баруу айыл Өкмөтүнүн жер адиси Абдазовдон талап кылынсын.
6. Мектептердин,балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базаларын чындоо,жаш өспүрүмдөрдү сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууга,спаорттук аянтчаларды курууга кошумча акча каражаттарын издеп табуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
7. Жаны конуштардын инфраструкттурасын жакшыртуу,электр энегрия,таза суу пробдеммаларын чечүү багытында чечкиндүү иш-аракеттерди көрүү,сугат суудан болгон карыздарды төлөөнү уюштуруу,эт,сүт багытындагы фермердик чарбаларды түзүү,тамчылатып суугарууну пайдаланууну ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүү айыл Өкмөтүнун аппарат кызматкерлкеринен талап кылынсын
8. Айыл Өкмөтүнун ваканттык орундарына кадрларды алууну конкурстук жол аркылуу менен татыктуу кадрларды тандоо,кызматкерлердин ортосунда кызматтарды так бөлүштүрүү айыл Өкмөтүнүн башчысынын негизги милдети болуп эсептелинсин.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|