Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 20-4
Бел айыл Өкмөтунун 2015-жылдын 15-октябрындагы № 29-токтомун бекитүү жөнүндө
Бел айыл Өкмөтүнүн Маштар бөлүмүндөгү Жаш толук эмес орто мектебинин жаны имаратын салуу үчүн пландаштырылган жер аянты таштак жайыт жер. Ал жерди башка категорияга которуу жөнуңдөгү 2015-жылдын 15 октябрындагы айыл өкмөтүнүн №29 токтомун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин(бешинчи чакырылышынын) жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13 статьяларына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдынг 15-июлундагы “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү “№145 –мыйзамына жана Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “ Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндөгү” Жобого ы л айык Бел айыл Өкмөтунүн Маштар бөлүмүндөгү төмөнкү контурдагы жерлердин багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
Контурдун номери Жердин түрү Аянты (га)
665 Таштак жайыт 1,9
2. Жогорудагы аталган жер аянтына мектеп салуу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянттарына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аянтынын архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
4. Жогорудагы жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” “Өнөр жайдын,транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бел айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюняа адиси М.Абдазовго милдеттендирилсин.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|