Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-сентябры №1
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин жобосуна (Регламент) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Соорбаев |
| 2011-жылдын 28-сентябрында Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын №1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү кабыл алынган Жобосунун негизинде айылдык кеңештин регламентинин 2 главасынын 16-бөлүмчөсүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
М Абдырахманов |