Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 3
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов), «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Н.Атабаев) жана РЭТ ишканасына (М.Молдокулов) милдеттендирилсин.
· №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин жылуулук берүү системаларын иретке келтирүү;
· Мектептин түндүк чыгыш тарабында жайгашкан биринчи жана экинчи кабаттагы терезелерди жылуулап, мүмкүнчүлүк болсо жаны терезелерге алмаштыруу;
· Түндүк отканасынын №3 орто мектебине жылуулук берүү жагын көзөмөлдөө жана отканада иштеген жумушчуларга чара көрүү;
· «Мишутка» балдар бакчасында жылуулук электр энергиясына көз каранды болгондугуна байланыштуу борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу;
· «Мишутка» балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу боюнча 2016-жылга проект түзүп киргизүү;
· №11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин батыш жана түштүк тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ишке киргизүү;
· Кызыл-Алма кичи районундагы №4 ҮДТны, Жомок» балдар бакчасын жана №9 Осмонбеков атындагы мектебинин борборлоштурулган жылуулук система долбоорун карап, 2016-жылга ишке киргизүү;
· №1, 2, 4, 5, 7, 8, 10, 12, 14 мектептердин администрацияларына жана отканаларда эмгектенип жаткан жумушчуларга алкыш жарыялоо жагын сунуштоо;
· №6 Т.Үметалиев атындагы орто мектебинин №1 отказанын тез арада ишке киргизүү;
· Борборлоштурулган балдар китепканасынын эки имаратын борборлоштурулган жылуулук система долбоорун карап чыгып, 2016-жылга ишке киргизүү;
· «Жылуулук камсыздоо» ишканасына караштуу №2 «Новостройка» отканасында эмгектенген жумушчуларына алкыш жарыялоо;
· Шаардагы жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар, Кызыл-Алма шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегендигине байланыштуу кыш мезгилдеринде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү;
· Кышка карата даярдык көрүү максатында жүргүнчүлөрдүн жана авто транспорттордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Таш-Көмүр – Кызыл-Жар автожолуна кум, шлагдарды төгүү.
3. Аткарылган жумуштар боюнча маалыматты шаардык Кеңешке он күндүн ичинде маалымат берүү жагы штабдын төрагасы, шаардын I-вице мэри И.Масабировго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |