Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 7
Шаардык Кеңештин төрагасынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин төрагасы М.Кулдышевдин 2015- жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчетун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин төрагасы М.Кулдышевдин 2015- жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |