Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7 – сентябры №1
Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин 4-чакырылышнын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6 - бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Суу-Башы айылдык кеңешенин төрагасы |
К. Амираев |
| 2011-жылдын 7-сентябрында Суу - Башы айылдык кеңешинин 4 - чакырылышынын кезексиз 27-сессиясынын № 1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин 4-чакырылышнын кезексиз 27-сессиясы
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесинин 1-6- бөлүкттөрүнө, 53,54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укуктуу;
Суу-Башы айылдык кеңешенин жооптуу катчысы |
А.Сыдыков |