Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 8
Шаардык Кеңештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету жөнүндө
Шаардык Кеңештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин отчетун угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |