Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 9
Шаардык мэриянын «2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү» тууралуу кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 15-декабрь 2015-жылдагы «2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» №03-1/71627 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 32 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 15-декабрь 2015-жылдагы «2015-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» №03-1/71627 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык муниципалдык менчик департаментинин бюджетинде каралган «Электр энергия төлөмдөрү» статьясынан 100,0 мин сом алынып, Таш-Көмүр шаарынын 2015-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
· «Айыл» программасы боюнча Шамалды-Сай жана Тендик аймактык башкармалыктарына эки принтер сатып алуу үчүн – 16 000 сом, Тендик айылында Жаны жылдык иш чараларды өткөрүүгө – 5000 сом, жалпы – 21 000 сом, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу;
· «Айыл» программасы боюнча Кызыл-Жар аймактык башкармалыгына принтер алуу үчүн – 8000 сом, Кызыл-Жар аймактык башкармалыгы аркылуу;
· Жаны курулган муниципалдык менчик имаратына эмерек сатып алуу үчүн – 25 000 сом, шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу;
· Шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайдын (ИВС) ондоо иштерине – 25 000 сом, шаардык ички иштер башкармалыгы аркылуу;
· Мал санак жүргүзүү үчүн – 21 000 сом, шаардык мэрия аркылуу;
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |